Ноокат районунда тыюу салынган экстремисттик уюмдун материалдарын таркатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июнь күнү Ноокат РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ноокат шаарынын тургуну 26 жаштагы Р. уулу Х. өзүнүн "Инстаграмм" социалдык тармагындагы өздүк баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун видео жана аудио жазууларын сактап, таркатып жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты Ноокат РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 315-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алынган аудио, видео материалдар боюнча тергөө кызматы тарабынан эксперизалар дайындалган.
Экспертизанын жыйынтыгы менен Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстермисттик уюмдарга таандык материал деп таанылып, кылмышка шектүү 2021-жылдын 30-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренеси менен Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Башка кылмыштарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.