Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга талаптардын жана эрежелердин сакталышын эскертет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга талаптардын жана эрежелердин сакталышын эскертет

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана эрежелердин сакталышын эскертет. 

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, троллейбус жана автобустарда бет кап режимин сактоону эскерткен баннерлер илинди. 

"Урматтуу шаардыктар, коомдук транспортто баратканда бардык коопсуздук эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колуңузду тез-тез жууп туруңуздар", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, учурда борбор калаада эпидемиологиялык абал курчуп, ооругандардын саны өсүп жатат.