Жаңылыктар
"1-сентябрга чейин жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек",- У.Марипов
Кыргызстан жаңылыктары
"1-сентябрга чейин жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек",- У.Марипов

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин видеоконференция байланыш аркылуу өткөрдү. 

Кеңешменин журүшүндө 28-30-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүүгө тийиштүү маселелер каралды. Улукбек Марипов белгилегендей, Министрлер кабинетинин негизги максаты – тургундар үчүн татыктуу шарттарды түзүү. 

Мен буга чейин да айткан элем жана дагы бир жолу кайталагым келет: иш отчеттуулук үчүн эмес, натыйжа үчүн жүргүзүлүшү керек. Турак үйлөрдү, инженердик жана социалдык инфраструктураны тез арада калыбына келтирүү зарыл. Жарандар тез арада кадимки жашоосуна кайтып келиши керек. 1-сентябрга чейин жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек. Зыяндын көлөмүн баалоо процедурасы бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жүргүзүлүшү кажет, бардык жабыр тарткандарга компенсациялык төлөмдөр тез арада төлөнүшү керек

- деди Министрлер кабинетинин Төрагасы министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин баяндамаларын уккан соң. 

Ошондой эле Президент тарабынан тоскоолдуктарга карабастан иштерди аткаруу боюнча так милдеттер коюлган. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде ырааттуулук жана тыкыр өз ара аракеттенүү болуусу керек. Биздин ишибиздин акыркы натыйжасы координациянын канчалык натыйлуу уюшулгандыгынан көз каранды болот», - деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин башчысы.