Жаңылыктар
Аламудүн районунда каракчылыкка шектүү изи сууй электе кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Аламудүн районунда каракчылыкка шектүү изи сууй электе кармалды

Аламудүн районунда каракчылыкка шектүү изи сууй электе кармалганын Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 30-июнь күнү Аламүдүн РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө Беш-Күнгөй айылында каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде дароо Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Ал жерден 1988-жылы туулган О.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна караган түнү болжол менен саат 01:30 чамаларында белгисиз бирөө анын автоунаасына отуруп, Беш-Күнгөй айылына жеткирип коюусун суранган. Жолдо баратып, белгисиз үлгүдөгү тапанча менен арыздануучуну коркутуп, бир нече жолу бет тарабына уруп, анын телефонун тартып алып белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган. Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип,  буга чейин бири нече жолу соттолгон 1999-жылы туулган С.Д. аттуу жаран кармалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталаган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.