1-июлдан тартып жаңы стандарттагы кассалык-көзөмөлдөөчү аппараттар милдеттүү түрдө колдонула баштайт. Аны пайдаланбаган соода жайларына айып пул салынат. Мамлекеттик салык кызматы жаңы стандарт кыйла артыкчылыктарга ээ экенин билдирүүдө. Мекеме мындан сырткары алкогольдук ичимдиктер менен тамеки продукцияларын милдеттүү маркирлөө башталып жатканын кабарлады.
Соодагерлерге кассалык көзөмөлдөөчү аппараттарды колдонуу талабы коюлган. Бирок аны орнотпой, уюлдук телефонго атайын тиркеме көчүрүү менен эле иш алып баргандар бар. Бул салыкка байланыштуу жол-жоболорду аткарууда жеңилдик алып келүүдө.
Кассалык көзөмөлдөөчү аппараттарды колдонуу менен салык отчётторун тапшыруунун зарылчылыгы жок. Салык системасына туташтырылган атайын аппарат кардарга чек чыгарып жаткан учурларды каттоого алып, сооданын көлөмү автоматтык түрдө аныкталат. 1-июлдан тартып бардык ишкерлерге анын жаңы стандартына милдеттүү түрдө өтүү талабы коюлган.
Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып салыкка байланыштуу дагы бир жаңы эреженин аткарылышын текшере баштайт. Алкоголдук жана тамеки продукциялары милдеттүү түрдө маркерленет.