Кыргызстан менен Тажикстан ортодогу чек ара көйгөйүн чечүү боюнча мындан аркы биргелешкен кадамдарын белгилешти. Эки өлкө президенттери кабыл алган билдирүүдө, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын сүйлөшүүлөрүн тездетип, жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу боюнча ишти күчөтүүнү макулдашты.
Мындай аракеттер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жаатындагы маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Президент Садыр Жапаров Тажикстанга Түркмөнстандан эки күндүк расмий иш сапарынан кийин барды. Бул Эмомали Рахмон менен апрель айынын соңунда чек арада болгон куралдуу жаңжалдан кийинки биринчи жолку жолугушуусу болду. Андыктан күн тартибинде эки тараптуу кызматташтык алакаларынан сырткары чек ара көйгөйү олуттуу болчу. Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек бөлүгүн делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси тар чөйрөдө жана кеңири курамда өткөн жыйындарда талкууланды.
Президенттер жолугушууда бардык чек ара маселелерин чечүүнү, талаштуу аймактардын чегин аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти. Айрыкча жергиликтүү тургундар жашаган тилкелерде ар кандай жаңжалдарга жол бербөө маселеси көтөрүлдү. Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясына сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөө тапшырмасы коюлду.