Дин багытын туура жайылтуу боюнча иштер күчөтүлөт. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын 25 жылдыгына карата өткөн жыйында сөз болду.
Облус, райондордо, айыл аймактарда казы, аалымдар өзгөчө жаштарды туура нукка үндөө жаатында атайын программа кабыл алынган. Бүгүнкү күндө ислам динин туура эмес жактан көрсөтүү боюнча аракеттер да бар. Андай тар кызыкчылыктардан оолак болуу багытында калк арасында түшүндүрүү иштери уланып келет.