Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркия Республикасынын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды. Аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук маселелериндеги эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргызстан менен Түркия бардык чөйрөлөрдө кызматташууга бекем пайдубал түптөшкөндүгүн өзгөчө белгиледи.
Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз-түрк мамилесинде аскердик-техникалык кызматташуу өзгөчө орунду ээлейт. Анын мындан аркы кеңейишине жана бекемделишине мүмкүнчүлүктөр кенен. Анын айтымында, региондогу туруксуз абалды жана коркунучтардын өсүп жатканын эске алганда, өзгөчө Афганистандагы кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу, аскердик-техникалык кызматташуу актуалдуу жана өз убагында болуп эсептелет.
Президент эки өлкөдө жана жалпы эле региондо тынчтыктын жана туруктуулуктун болушу үчүн биргелешкен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.
Өз кезегинде улуттук коргоо министри Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын саламы менен каалоо-тилектерин жеткирди. Ал Түркиянын улуттук коргоо министри кыргыз тарап менен натыйжалуу кызматташууну улантууга жана бул багытта көмөк көрсөтүүгө даярдыгын айтты.