Жаңылыктар
Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги сертификат алуу үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги сертификат алуу үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү пландалууда

Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги сертификат алуу үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева билдирди. 

Эл аралык сертификат Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө инвестициялоо жаатындагы жакшы үлгү болуп бере алат. Ушул тапта министрлер кабинети сертификат алган органдардын чет элдик продукцияны экспорттоо үчүн филиалдарынын ачылышына колдоо көрсөтүүгө кызыкдар. 

Маалым болгондой, чет мамлекеттерде эл аралык сертификаттын баасы 10 миң доллардын тегерегинде. Жаңы жобого ылайык, мамлекет продукцияны экспорттоого сертификаттарды берген органдар үчүн бир катар артыкчылыктарды берет. Натыйжада, күбөлүк наркы төмөндөйт жана жеткиликтүү болот.