Чек ара аймактарында кызматкерлердин кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекем сактоолору боюнча нускамалар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир жетекчи өздүк курамды жетектөө менен бирге алардын жөндөмдүүлүгүнө, кызматтык тартибине, мыйзамдуулукту бузбоого жана коюлган тапшырманы өз убагында туура аткарууда кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрдү. “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири Султаналиев полктун Баткен шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын өздүк курамын жеринде кызмат өтөөсүн көзөмөлдөө үчүн иш сапарда жүрөт.
Ал кызматкерлерди моралдык-психологиялык жактан тарбиялоо, колдоо, ишмердүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле турмуш-тиричилик шартын изилдеп, кызматкерлер арасында кызматтык тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту жана өздүк курамдын негизги багыты күжүрмөн даярдыгын жогорку максатында бир катар иштерди көзөмөлгө алууда.