Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрирди» колдогон алты адам бул уюмдан баш тартышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жалал-Абад ОИИБ жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 10 адам каттоодон чыгарылган.
Ошондой эле 6 айда мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 381 баяндама, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Азыркы учурда облус аймагында 551 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 491 адам «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.