Баткенде күкүрт кислотасынын ири өлчөмдөгү партиясын сатуу менен алектенип келген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынан билдиришкендей, Жазык кодексинин “Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо” беренесинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунан күкүрт кислотасын сатуу учурунда 34 жаштагы жаран кармалды.
Ал 1 тонна 833 килограмм түзгөн күкүрт кислотасын мыйзамсыз жүгүртүүгө аракет кылган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.