Бишкектен Түркияга аба каттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдирди.
Маалыматка ылайык, «Пегасус» авиакомпаниясы 2-июлдан баштап Стамбул - Бишкек - Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 10 каттам аткарылмакчы.
Ошол эле компания 6-июлдан баштап Анталия - Бишкек - Анталия багыты боюнча дагы 1 каттам кошот. Эми бул багытта жумасына 5 каттам аткарылат.
«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы 1-июлдан баштап Стамбул - Бишкек - Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошуп, эми бул багытта жумасына 17 каттам аткарылмакчы.