Жаңылыктар
Баткен: Коронавирус кайра күч алды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: Коронавирус кайра күч алды

Ковид-19 Баткенде да күч алууда. Күндөн-күнгө вирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Июнь айында эле 700дөн ашуун адам аталган оорууга кабылганы аныкталган. Жыл башынан бери Баткен облусунда 948 адам инфекцияны жуктуруп алган. 

Ак халатчандар пандемиянын 3-толкуну башталганын айтышууда. Ооругандар негизинен 30-жаштан 65 жашка чейинкилер. Ага байланыштуу коомдук жайларда, мекеме ишканаларда санитардык талаптар күчөтүлдү. 

Буга чейин Баткен облусунда 9700 адам ооруга каршы эмделгенине карабай, жуктуруп алгандардын арасында эмдөөдөн өткөн адамдар да катталууда. Дарыгерлер бул вакцинага байланыштуу эмес экендигин эскертишип, эмдөөдөн өткөн адамдарды да санитардык талаптарды туура сактоого чакырышат.