Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушту. Сүйлөшүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы маселелери жана келечеги талкууланды.
Ошондой эле, кыргыз аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Түркиянын медициналык мекемелеринде жардам көрсөтүү, дарылоо маселелери каралды.
Хулуси Акар жакынкы убактарда коргоо жаатындагы эки өлкөнүн ортосундагы мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды этап-этабы менен ишке ашырууга натыйжалуу чараларды көрөөрүн айтты. Тараптар аскер жаатындагы кыргыз-түрк мамилелери мындан ары да өнүгө берерин билдиришти.