Жаңылыктар
Аскердик ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Аскердик ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды

Аскердик ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында атайын операциянын жүрүшүндө, кырк алты жаштагы айыл тургунунун үйүнөн болжолдуу түрдө "жүзүнчү сериядан" өзгөртүлгөн Калашников автоматы табылды. Тинтүү иштери соттун буйругунун негизинде Жазык кодексинин “Куралдын, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында жүргүзүлдү. 

Анын жыйынтыгында мыйзамсыз аракеттерди жасаган деп шектелип, эки жаран кармалып, тергөө органдарына жеткирилди. Алардын бири жыйырма сегиз жаштагы мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттосунда турган киши болуп чыкты. Курал-жарак табылып алынганда, анын кылмыш жасоодо колдонуу фактыларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. 

Тергөө кызматы, алынган курал-жарактар ушул жылдын жазында курал колдонуу менен байланышкан уюшкан кылмыштуу топтордун субъекттерине таандык болушу мүмкүн экендигин четке какпайт. Тергөө иштери уланууда.