Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды. Дүйшөмбү шаарында эки өлкөнүн башчылары бүгүн кыргыз-тажик кызматташтыгын, анын ичинен акыркы убакта эки өлкө үчүн тең олуттуу болуп турган чек ара көйгөйүн талкуулашты. Эки элдин ынтымак достугу, өлкөлөр ортосундагы башка тармактардагы кызматташтыктын абалы, аны жөнгө салуу маселелери мамлекет башчыларынын жолугушуусунда ортого салынган негизги маселелерден болду.