Жаңылыктар
Мамлекеттик кызматкерлердин саны 30%га кыскарат
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик кызматкерлердин саны 30%га кыскарат

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлык мамлекеттик органдардын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштырууну, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюуну аны менен каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү көздөйт. 

Ага ылайык, Президенттин Администрациясынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун. аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылат. 

Министрлер Кабинети кыскартылган кызматкерлерге бошонуу жөлөк пулун төлөп берүүнү камсыз кылат. Бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрөт. 

Үнөмдөлгөн каражаттар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө жумшалат. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.