Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү

Бүгүн, 29-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 32 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 715 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 412 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн ээриген көлөмүнө жараша толот.