Бишкек шаарындагы №87 мектептин директору убактылуу кызматтан четтетилди. Мындай чечим аталган орто мектепте болгон кайгылуу окуянын жагдайларын иликтөө боюнча комиссиянын жыйыны учурунда кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, мектепте эс-учун жоготкон 5-класстын окуучусу Гүлзейнеп Галбаева кардиологиялык ооруканага кетип бара жаткан жолдо каза болгон, ал жүрөк оорусу менен жабыркаган. Кыздын апасы Обагүл Идрисова мэрияга окуянын бардык жагдайларын иликтөө үчүн кайрылган.
«Жаңы комиссия түзүлдү, курамында медиктер, педагогдор, атайын кызматкерлер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар. Комиссия жакындарынын бардык дооматтарын жана билдирүүлөрүн, мектеп администрациясынын түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле медициналык консультацияны изилдейт», - деп айтылат маалыматта.
Комиссия кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана бардык жагдайларды изилдөө максатында аталган мектептин директорун убактылуу кызматтан четтетүү чечимин кабыл алган.
Эскерте кетсек, 11-мартта Бишкекте ооруканага бара жаткан жолдо №87 мектептин 5-классынын окуучусу 2009-жылы туулган Гүлзейнеп Галбаева каза болгон. Анын туугандары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө каршы болушкан. Бирок, кийин кыздын апасы мектептин жетекчилигин шалаакылыкка айыптаган.