Жаңылыктар
Кыргызстан менен Казакстан жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча тажрыйба алмашышты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Казакстан жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча тажрыйба алмашышты

Кыргызстан менен Казакстан жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча тажрыйба алмашышты. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова жетектеп барган кыргыз делегациясы Нур-Султан шаарында 3 күн болуп, коңшу өлкөнүн «Казмедиа орталыгы» телерадиокомплексинин ишмердүүлүгү менен таанышышты. 

22 кабаттуу телеборбор 68 миң чарчы метрди ээлеп, мамлекеттик ЖМКлар үчүн бардык техникалык колдоолорду көрсөтүп келет. 

Мисалы, борбордун жети миң чарчы метрге жакын аянтын 15 уникалдуу аппараттык-студиялык блок ээлеп, "Хабар 24" каналынын роботтоштурулган студиясы орун алган. Ал 2017-жылы орнотулуп, пульттун гана жардамы менен операторлордун жумушун жасаса болот. Бул өзгөчө азыркы пандемия учурунда абдан актуалдуу. Мындай техника СNN, BBCде колдонулат. Кыргыз делегациясы “Хабар” агенттигине, “Казакстан” телерадиокомпаниясына, «Stopfake.kz», мамлекеттик порталынын кеңсесине дагы барышты. 

Сапардын жыйынтыгында тараптар белгилүү мамлекеттик тележурналисттердин, алып баруучулардын, режиссерлордун, телеканалдын жетекчилеринин жана башка теледеги кызматкерлердин ортосунда мастер класстарды уюштурууга макулдашышты. Ал эми, Кыргызстандын «Пирамида” каналы “Хабар” агенттиги жана “Казакстан” каналы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.