Жаңылыктар
"Торугарттан" жүк өткөрүү жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
"Торугарттан" жүк өткөрүү жанданды

“Торугарт” көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфратүзүмүн өнүктүрүү иши колго алынууда. Пандемия башталганы өткөрүлгөн жүктүн көлөмү азайган бекетте ушул тапта иш жанданды. Кытай мамлекети менен бир канча ирет жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр натыйжа берип, жүктөрдү контейнер менен алып өтүү жолу ыкчамдады. 

Айта кетсек, 10 күн мурда мамлекет башчысы дал ушул өткөрмө жайына барган кезде бекеттин инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча зарыл чараларды көрүп, аткезчилик тобокелдигин жоюу үчүн автоматташтырылган бажы тутумунун ишин үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн тапшырма берген.