Жаңылыктар
Ишкерлерди колдогон кепилдик фонд
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлерди колдогон кепилдик фонд

Быйылкы жылдын июнь айына чейин Кепилдик фонд ишкерлерге 2 миллиард 800 миллион сомго 4 миңден ашык кепилдик берди. Ал эми насыянын суммасы 10 миллиард сомго жакын. Бул ишкерлер үчүн бизнесин илгерилетүүгө дагы бир мыкты мүмкүнчүлүк болду. 

Аны колдонуп, банктан кепилдик менен насыя алып өндүрүштү кеңейткендердин бири Бишкектеги резина бут кийимдерин чыгарган өндүрүш. Ишкана ээси экспорттун ыгын таап, өндүрүлгөн продукция Афганистанга чейин экспортко чыгууда.