Кыргызстан менен Түркмөнстан экономикалык жактан көп багыт боюнча кызматташа турган мамлекеттер. Себеби эки өлкөдө тең тараптардын кызыгуусун жараткан тармактар арбын - дейт экономисттер. Ошол эле учурда былтыр Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 11 миллион доллардан ашкан. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында бул сумма 7 миллион доллардан бир аз көбүрөөк. Кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгара турган мамлекеттер үчүн бул көрсөткүч аз дейт серепчилер.
Помидор жүктөлгөн бул оор жүк ташуучу унаа жашылча жемиш саткан базарга жаңы эле Түркмөнстандан келди. Таңгакталып, тыкан салынган помидорлорду түшөөрү менен дүңүнөн сатып алгандар көп. Себеби түркмөн дыйкандарынын помидоруна жергиликтүү рынокто суроо-талап жогору. Өзгөчөлүгү жытында, сапаты дароо эле байкалып турат, узакка сакталат, негизгиси табигый жол менен өстүрүлгөндүгүндө.
Нууман Осмонов үч жылдан бери Түркмөнстандын помидор өстүргөн ири компаниялары менен кызматташат. Өткөн жылы Түркмөнстанга чейин барып, помидорлордун эч кандай кошулмасыз табигый жол менен заманбап күнөсканаларда өстүрүлгөнүн көрүп келген. Жеткирүү иштеринде болсо тоскоолдук жок-дейт ишкер. Эгер буга чейин жалаң помидор ташыса, жакында ири көлөмдө баклажан, бадыраң, сабиз менен болгар калемпири келет.
Пандемия шарты эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнө таасир эткен. Кыргызстан Түркмөнстанга негизинен ысытуучу лампалар, барий сульфаты, текстиль буюмдары, суусундуктар, мөмө-жемиш, жаңгак менен кондитер азыктарын экспорттойт.
Экономисттердин айтымында Кыргызстан менен Түркмөнстан соода-экономикалык жактан кызматташтыкты күчөтсө болот. Себеби эки өлкөдө тең пайдалуу негизде кызматташа турган тармактар арбын.
Кыргызстан - Түркмөнстан алакасы жаңы баскычка көтөрүлүп жаткан учурда бир топ биргелешкен ири долбоорлорду да ишке ашырууга жол ачылууда. Түркмөнстандан аларды кызыктыра турган долбоорлорго инвестиция тартууга болот. Тоо-кен, текстиль өндүрүшүн кеңейтүү багытында байланышты чыңдаса болот - дейт экономисттер.