Кыргызстан менен Түркмөнстан өз ара кызматташтык алакаларын жаңы денгээлге чыгарып, өзгөчө соода-экономикалык жана маданий байланыштарга басым жасайт.
Бүгүн Түркмөнстанда президент Садыр Жапаровдун расмий иш сапарынын алкагында буга багытталган бир катар келишимдерге кол коюлуп, мамлекет башчылары өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын абалын терең талкуулашты. Садыр Жапаров Түркмөнстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болорун белгилеп, кызматташуунун негизги багыттарын атады.