Чет өлкөдө жашаган мекендештер "Центерра Голд" компаниясына каршы акцияларын улантууда. Бул жолу АКШнын Огайо штатында жашаган мекендештер нааразылык акциясына чыгышты.
Алардын айтымдарында, "Центерра" тарабынан экологияга чоң зыян келтирилип жатат жана бул тууралуу дүйнө эли билиши керек. Чикагодо жашаган кыргызстандыктар да Кумтөр маселеси, экологияга келтирилген зыян боюнча иш-чара өткөргөнү жатат.
Эске салсак, буга чейин мындай акциялар БУУнун алдында өткөн.