“Кумтөр” ишканасы кенди иштетүү стратегиясын өзгөртүп, алтынды жер алдындагы ыкма менен казып алууну пландап жатат.
Ал келечекте жасала турган техникалык жана экономикалык негиздеменин алкагында ишке ашырылат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. Айтымында, учурда мөңгүлөрдү талкалабай жер алдынан казуу ыкмасына өтүүгө шарт түзүлүп жатат.
Күздөн баштап инженердик компанияларды, консультанттарды чакырып долбоорлорду ишке ашыруу аракети көрүлө баштайт. Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр" кениндеги экологиялык маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундулары да аткарыларын айтып, убада берди.