Жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы кызмат көрсөтүүлөрдү 6 млн 877 миң 927 адам колдонушкан.
Салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү электрондук кызматтарды кеңейтүүнүн эсебинен МСКнын сайтын пайдалануучулардын саны жыл сайын өсүүдө.
Салыштыруу үчүн: 2020-жылы сайттын кызматын –10 млн 997 миң 192 жолу, 2019-жылы – 8 млн 548 миң 492 жолу пайдаланышкан. 2018-жылы сайтка 6 млн 314 миң 543 пайдалануучу кирген. Бул 2017-жылга салыштырганда дээрлик эки эсеге көп, анда ведомствонун кызматын 3 млн 552 миң 946 адам пайдаланган.
Үстүбүздөгү жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, расмий сайтта талап кылынган электрондук кызматтар, ошондой эле отчеттордун формасы, салык төлөөчүнүн кабинети, электрондук эсеп-фактуралар, билим базасы ушул сыяктуу жана башка кызматтар иштеп жатат.