Жаңылыктар
Январь-май айларында Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөр катышкан 542ден ашык жол кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Январь-май айларында Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөр катышкан 542ден ашык жол кырсыгы катталды

Январь-май айларында Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөр катышкан 542ден ашык жол кырсыгы катталып, 558 киши денесине ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди. Жол кырсыктарына жол кыймылынын бардык катышуучулары эрежени так сактабаганы себеп болууда. Муну эске алып, “жөө жүргүнчү” деп аталган атайын рейд өткөрдү. Анын жүрүшүндө айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгондугу үчүн, 80 протокол толтурулуп, ар бирине 3 миң сомдон айып салынды. Жөө жүргүнчүлөр жөө өтмөктөн өтпөстөн, жолду кесип өткөн учурлар боюнча 140 протокол толтурулуп, ар бирине 1000 сомдон айып салынды. Спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандар 26 протокол болгон. Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандарга 32 протокол, башка жол эрежелерин бузгандарга 1 миң 498 протокол түзүлдү. Дагы 137 унаа айып төлөтүүчү жайга токтотулган. Милициянын кайгуул кызматы жарандар өз коопсуздугу үчүн жол эрежелерин так сакташы зарыл деп белгилейт.