Жаңылыктар
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Президент Садыр Жапаровдун дарегине судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Талас облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун, ошондой эле Чүй, Ош, Ысык-Көл, облустарынын кээ бир жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 18 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 22 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Мамлекет башчысынын аталган 22 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынды жана сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.