Чүй облусунда милиция кызматкерлери түнкүсүн суу бөлүштүрүү иштерине көмөк көрсөтүшүүдө. Буга чейин аталган аймакта эгин талааларын сугаруу мезгилинде дыйкандар суу тартыш болуп жаткандыгын айтып, бир нече жолугушууларды өткөрүшкөн.
Суу бөлүштүрүү учурунда жергиликтүү тургундар арасында түшүнбөстүктөр жаралып жаткандыгына байланыштуу Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана мыйзам бузууларды алдын алуу жумуштарын жүргүзүшүүдө.
Учурда Чүй облусундагы суу бөлүштүрүлгөн жайларда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери сугат суулардын бирдей бөлүнүүсүн камсыз кылуу жана түшүнбөстүктөрдү алдын алуу боюнча иш алып барышууда. Азыр Чүй облусу боюнча 50дөн ашуун милиция кызматкери суу бөлүштүрүүчү 42 гидротосмолордо саат 20:00дөн таңкы 6га чейин сууларды туура эмес бөлүштүрүүнү алдын алып жатышат.