Быйыл дагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жогорку окуу жайларга тапшыруу онлайн түрдө өтөт. Ал үчүн абитуриенттер www.2020.edu.gov.kg сайтындагы «Абитуриент Online» автоматтык тутумуна билдирме жөнөтүшү керек.
Бүгүнкү күндө жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан 44 миң 416 бүтүрүүчүнүн 94 пайызы аталган порталга катталды. Бул сайтта онлайн-каттоо боюнча бардык маалыматтар камтылган. Окуу жайга тапшыруу боюнча суроолорго жооп берүү үчүн азыр атайын 1818 кыска номуру дагы иштеп жатат.