Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө майыптардын укугун унутта калтырган жок. Бул тууралуу “Шайлоонун жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу” тууралуу иш-чарада белгиленди.
Ал үчүн саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзүнүн көрүүсү начар кишилер үчүн чоңураак тамга жана брайль арибинде жазышы керек. Шайлоо тилкелеринде киргенге ылайыктуу пандус орноп, көзгө жардам катары лупа болушу кажет. Добуш берүүчү кабинанын бийиктиги 75 см кем эмес, бюллетень толтуруучу столдун туурасы 40 см, узундугу 30 сантиметр болот.