Жаңылыктар
Өзбекстанда коомдук транспорттордо беткапсыз жүрүүгө тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстанда коомдук транспорттордо беткапсыз жүрүүгө тыюу салынды

Мындан ары Өзбекстанда автобус айдоочулары менен метрополитендин кондукторлору транспорт каражаттарына беткапсыз адамдарды киргизбейт. Мындай чечимди Республикалык атайын комиссия кабыл алды. 

Ага ылайык, жарандардын арасында жоопкерчиликти күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук транспортту акыркы аялдамада токтотуп дезинфекциядан өткөрүү каралган. Ошол эле маалда жооптуу адамдарга автобекеттер менен аэропорттордо санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын катуу көзөмөлдөө иши жүктөлдү. Республикалык атайын комиссиянын чечими менен эми санаторийлерге, пансионаттарга, балдар лагерлерине, ошондой эле башка эс алуу жана саламаттыкты чыңдоо жайларына кабыл алууда акыркы 72 саттын ичинде тапшырылган ПЧР тесттин жыйынтыгы да талап кылынат. Акыркы күндөрү Өзбекстанда коронавирус жуктурган учурлар эки эсеге көбөйдү. 

Буга чейин атайын комиссия вакцина ала турган жарандардын категориясын кеңейткен. Ага ылайык, 50 жаштан ашкандар жана университеттердин окутуучулары коронавируска каршы бекер вакцина алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.