Жаңылыктар
Кыргызстанда снайпинг федерациясы түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда снайпинг федерациясы түзүлдү

Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Баш-Кара-Суу айылындагы «Выстрел» спорт клубунда 24-июнь күнү снайпинг федерациясынын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага журналисттер, спорт сүйүүчүлөрү жана конок катары КР Коргоо министрлигинин өкүлдөрү катышты. 

Кыргызстандын снайпинг федерациясынын президенти Айдар Окенов катышуучуларды жылуу тосуп алып, федерациянын ачылышы, максаты жана алдыдагы палндары тууралуу айтып берди.

"Бул федерация энтузиасттардын демилгеси менен түзүлүп, ишке ашты. Максатыбыз өз ара чеберчилигибизди гана жогорулатпастан, калк арасында курал колдонуу маданиятын көтөрүү. Кыргызстандагы аңчылыкка кызыккан, куралы бар ар бир каалоочу федерацияга кошулса болот. Биз, республика боюнча мастер-класс, трениг уюштурууну, региондорго барууну да пландаштырып жатабыз. Россия Федерациясы менен бирге мастер-класстарды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана мелдеш уюштуруу каралууда", - деп билдирди Айдар Окенов.Ошондой эле, КР снайпинг федерациясынын төрагасынын орун басары жана «Выстрел» спорт клубунун директору Сыргак Кадыралиев бул спорттун түрү дүйнө боюнча популярдуу болуп жатканын белгилеп, Кыргызстан дагы четте калган жок экенин айтты. “Биздин башкы максатыбыз элди курал менен коопсуз колдонууну үйрөтүү. Ар бир курал ээси аны туура колдоно билиши керек. Биз, «Выстрел» клубунун базасында снайперлер мектебин ачууну максат кылып жатабыз. Ушул жылдын 28-августунда таамай ок атуу боюнча мелдешке жакынкы жана алыскы мамлекеттерден спортчулар катышат», - деди Сыргак Кадыралиев.Снайпинг -  жогорку таамайлыктагы куралды колдонуу менен ( 200 метрден 2 км чейин ) ок атуу боюнча күч сынашкан спорттун түрү болуп саналат.

Снайпингде кыска дистанцияда кагаз бутага арналган атайын көнүгүү бар. Анда бир ок менен 3 см бутаны таамай атуу каралган. Ок атып жаткан спортчу ар кандай абалда, ар кандай аралыкта таамай атууга атмосфералык факторлорду эске алуу менен даяр болушу керек.Ачылыш аземинен соң, журналисстер үчүн кичи-мелдеш уюштурулду. Турнирге жалпы 21 адам катышты. Ар бир катышуучуга атайын инструктаж өтүлүп, 100 метр аралыктагы кагаз бутага үч жолу ок атуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. ЖМК өкүлдөрү фин жана немец өндүрүүчүлөрү чыгарган заманбап, оптикалык мелжөөсү бар куралдар менен таймашты.

Мелдештин жыйынтыгында башкы байгени “КТРК ” сайтынын кабарчысы  Калыбек уулу Эмилбек, экинчи орунду— “Биринчи радионунун” кабарчысы Кымбат Калыкназарова жана үчүнчү орунду “КТРК СПОРТ” каналынын өкүлү Эламан Касыкеев жеңип алды.