Жаңылыктар
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 5 миңден ашуун медикке компенсация төлөп берди
Кыргызстан жаңылыктары
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 5 миңден ашуун медикке компенсация төлөп берди

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина кызматкерлерине май айы үчүн 131 миллион 788 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады. 

Ага ылайык, компенсация коронавирус менен күрөшүүгө тартылган 5 миң 94 медикке берилген. Стационар менен госпиталдагы 2 миң 901 медикке 101 миллион 108 миң сом, обсервациялардагы 651 кызматкерге 15 миллион 629 миң сом, мобилдик бригададагы 334 кишиге 8 миллион 88 миң сом, Тез жардам станцияларындагы 809 ак халатчанга 3 миллион 64 миң сом, санитардык-карантиндик пункттагы 55 адамга 452 миң 900 сом, патологоанатомиялык кызматта иштеген 8 кызматкерге 36 миң 700 сом, башка кызматтарда иштеген 336 кишиге 3 миллион 408 миң сом төлөндү.