Жаңылыктар
"Кумтөргө" сырттан башкаруу киргизилгенден бери алгачкы айдын жыйынтыгы чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөргө" сырттан башкаруу киргизилгенден бери алгачкы айдын жыйынтыгы чыгарылды

“Кумтөр” кенине сырттан башкаруу киргизилгенден бери биринчи айдын жыйынтыгы чыгарылды. Бул аралыкта 44 миң унция алтын сатылып, жалпы киреше 82 миллион 234 миң долларды түздү. 

Мунун ичинен дүң киреше 40 миллион 282 миң доллар, ал эми өз наркы 41 миллион 952 миң доллар болду. Компания мамлекеттин казынасына болгон салыктар жана башка чегерүүлөр боюнча бардык милдеттенмелерден кутулуп, кызматкерлердин эмгек акысы убагында төлөнүүдө. Учурда компания тоо-кен иштеринин баасын төмөндөтүү, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууну талдап жатат. 

Белгилей кетсек, 17-майда Министрлер Кабинети аталган компанияга сырттан башкарууну киргизип, убактылуу башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.