Жапон тилин изилдеп, илимдин докторлук даражасына ээ болгон жалгыз кыргызстандык Галина Воробьёвага Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.
Сыйлыкты тапшырып жатып Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Тышкы иштер министринин Ардак грамотасы - күн чыгыш өлкөсү менен достук мамилени чыңдоодогу өзгөчө жетишкендиктери үчүн берилип жаткандыгын белгиледи. Жапон тилин үйрөтүү боюнча өлкөдө 30 жылдан бери эмгектенип келе жатканын айткан Воробьева, бул багытта билим берип, кесибин өркүндөтө берерин билдирди. Өз кезегинде Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Япония көптөгөн жылдардан бери ар кандай социалдык-экономикалык, анын ичинде билим берүү тармагы боюнча долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу жардам көрсөтүп келе жаткандыгын белгилеп, мындан аркы кызматташууга ишенимин билдирди.
Эскерте кетсек, Галина Воробьева тилди үйрөтүүдөн тышкары, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө симпозиумдарда, конференцияларда көптөгөн илимий докладдарды жасап, макалаларды жарыялаган. Ошондой эле иероглифтерди изилдөө үчүн уникалдуу окуу куралдарын иштеп чыккан.