Шаардагы жургүнчүлөрдү тейлөө үчүн 50 жаңы автобус каттамга чыкты. Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япониялык ISUZU брендинин транспорту борбордогу негизги чоң көчөлөр аркылуу жаңы конуштарды бириктирген багыт боюнча шаардыктарга кызмат көрсөтөт. Жыл соңуна чейин дагы 300дөн ашык автобус алынып келинет.
Жаңы келген автобустардын айдоочулары менен алгач шаар башчысы жолугуп, аларга ак жол каалап каттамга чыгарды. Узундугу 7 метрге чейинки коомдук транспорттун сыйымдуулугу 40 адам болсо андагы орундуктардын саны 16. Жаңы келген автобуска алгач мэриянын кызматкерлери отуруп анын ыңгайлуулугун карап чыгышты.