Ушул тапта соттук-укуктук реформанын алкагындагы жазык-сот системасында олуттуу жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер да бар. Мындай пикир Бузуулар жөнүндө жана жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйын учурунда белгиленди.
Жаңы кодекстер иштеп баштагандан бери коомчулукта ар түрдүү сын-пикирлер карапайым калк гана эмес, кодекстерди практикада түздөн-түз колдонуп жаткан соттор, юристтер, адвокаттар, прокурорлор, укук тартибин коргоо органдарынын өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер да белгилеп келишкен.
Алардын арасында ишмердүүлүгү эч себепсиз камакка алынып, токтоп калган бизнес өкүлдөрү, укук коргоочулар да бар. Бул мыйзам долбоорлору коомдук талкууга коюлгандан кийин мыйзамдарды өзгөртүү зарылдыгын колдогон, жаңы кодекстерди иштеп чыгууну талап кылган ар кандай сунуштар айтылууда.
“Көбүнчө маалымат сайттарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, эгерде коомдук нааразычылыкты жараткан кылмыш жасалса, анда бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө коомчулукка отчет берип жаткандыгын байкайм, бирок муну менен баары чектелип калат. Бул чийки болуп атат”,- деди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.