Жаңылыктар
Катардан келген дарыгерлер балдарга акысыз операция жасашууда
Кыргызстан жаңылыктары
Катардан келген дарыгерлер балдарга акысыз операция жасашууда

Борбор калаадагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Катар өлкөсүнөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер кулагы укпаган балдарга акысыз операцияларды жасашууда. 

Алар бул ирет 29 баланы карайт. Ал эми кийинки күз айларындагы экинчи этабында 21балага акысыз операция жасалат. Жаш балдардын кулактарына Катарлык хирургдар алып келген наркы 23 миң евро турган кохлеардык импланттар салынууда. Наристелердин калыбына келип, кулагы угуп кетиши үчүн ата-энелер көмөкчү болуп, өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керектиги айтылды.