Өткөн айга салыштырмалуу өлкө боюнча жашылча-жемиштердин баасы 16,4%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Жашылча жемиштин түрү 19,5% өстү. Сабиздин баасы – 1,6%га, картошка – 36,3%, өрүк - 2,2 эсе, ал эми алма 15,4%га көтөрүлгөн. Бишкек шаарында картошканын чекене баасы республиканын орточо көрсөткүчүнөн ашты. Сабиз Баткенде бир килограмы 77 сом 40 тыйын, Нарында 75 сом 46 тыйын, ордо калаада 90-92 сомдон сатылууда.