Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягына чейин күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 2%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, июндун орто ченинде Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор күйүүчү майдын дүң баасын жогорулатты. Түрлөрүнө жараша 1,5 – 2 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майга болгон баага мамлекеттик көзөмөл жок экендигин билдирди. Эгер бир айлык мөөнөттө күйүүчү майга болгон баа өз наркынан 20%дан ашса, анда өкмөт тарабынан жөнгө салуу киргизилет. Пандемия учурунда глобалдык экономика солгундап, күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо талап түшкөн.
Андыктан заводдор күйүүчү майлардын көлөмүн 30-40%га чейин азайтышкан болчу. Ал эми 2021-жылдан баштап экономика өсө баштагандан улам, бензинге болгон суроо талап күчөдү. Белгилей кетсек, Кыргызстан бир жылда 1 млн 200 тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 1 млн тоннага жакыны Россиядан, калганы ички өндүрүүчүлөрдөн алынат.