Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев резиденциясы Москва шаарында жайгашкан Дания Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Карстен Сендергорд мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө алгач элчи министрге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Тараптар органикалык өндүрүш жана айыл чарба продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны сертификаттоо, мал чарбасын, туризмди өнүктүрүү жаатында кызматташуунун келечеги, Кыргызстандын ВСП+ макамын эске алуу менен экспорттук продукциясын Дания менен Европа биримдигине чыгаруу зарылчылыгын белгилешти.
Соода-экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүү максатында кыргыз тарап Даниянын делегациясын ушул жылдын ноябрь айында Бишкекте өтө турган ЕБ-БA 1- экономикалык форумуна катышууга чакырды. Коррупцияга каршы күрөшүү, эки тараптуу соода жана инвестициялык байланыштар, "жашыл экономика" алкагында кызматташуу жана жаңыланып туруучу энергия булактар жаатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө көңүл бурулду.