Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын имаратында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Ага Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун чагылдырган тарыхый кооз жерлерди, улуттук спорт оюндарын чагылдырган 61 сүрөт коюлду. Элчи Кубанычбек Өмүралиев 1991-жылы кыргыз элинин кылымдык тарыхында жаңы барак ачылганын жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы Кыргызстан үчүн тарыхый кыска мезгил экендигин белгилөө менен кыргыз элинин 2300 жылдык тарыхына көңүл бурду. Ал кыргыз-түрк мамилелери стратегиялык статуска ээ экендигин кошумчалады.
Түркия парламентинин вице-спикери Сурейя Сади Билгич боордош кыргыз эли түрк элинин жүрөгүндө өзгөчө орун ээлей турганын баса белгиледи. Ошондой эле 30 жыл ичиндеги дипломатиялык мамилелердин алкагында Кыргызстан менен Түркия экономика, соода, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, маданият, жаштар жана спорт жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшкөнүн белгиледи.