Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Санитардык көзөмөл борбору жана шаардык милиция кызматкерлеринен турган комиссия, коомдук тамактануучу жайлардагы тамак-аш коопсуздугу, санитардык эрежелердин сакталышы боюнча атайын рейдге чыгышты. Белгилей кетсек, шаардын аймагындагы кафе-ресторандар, тез татым, түнкү клубдар жана коомдук тамактануучу жайлар 2021-жылдын 22-июнунан тартып, таңкы саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин орундуктарын 50%га азайтуу менен ишмердигин жүргүзүшү бекитилген.
Ошондой эле кечки саат 20:00дөн кийин коомдук тамактануучу жайлар буйрутманын негизинде жеткирип берүү жана алып кетүүгө шарт түзүү тартибинде гана иш алып баруусу да каралган. Эрежеге баш ийбегендерге айып салынууда.