Жаңылыктар
Бак-дарактарды дарылоочу эритме адамдар үчүн коопсуз - "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы
Кыргызстан жаңылыктары
Бак-дарактарды дарылоочу эритме адамдар үчүн коопсуз - "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы

Калаа бийлиги бак-дарактарга эритме чачылып жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди. Тасмада "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын атайын унаасы көрсөтүлгөн. 

Анда зыянкеч курт-кумурскаларга каршы дары-дармек - инсектицид 10 литр сууга 10 грамм зат өлчөмүндө салынганы айтылат. Аралашма адамдын саламаттыгына зыяны жок. Чачыратуу процедурасы түнкүсүн жүргүзүлөт, анткени күндүн табы түшүп, дарактардын жалбырактары күйүп калуу коркунучу жок, - деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, ЖМКларда Бишкекте бак-дарактарга белгисиз эритме чачылууда деген маалымат тараган. Шаардыктар бул дарынын айынан адамдар ооруп калышы мүмкүн деп кооптонууда.