Бүгүнтөн тарта мектептерде бүтүрүүчүлөргө орто билими боюнча аттестат бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары коштошуу аземи мектептин аймагында жана ата-энелердин биринин гана катышуусу менен өткөрүлүшүн көзөмөлгө алышы шарт. Мектеп жетекчилиги аттестат тапшыруу учурунда бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жооптуу. Коштошуу кечесин ресторан жана кафелерде өткөрүү үчүн акча чогултууга жол берилбеши керек.