Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Юстиция министри Асел Чыныбаеваны кабыл алды. Юстиция министри анда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө" президенттин жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Марипов мыйзамдарды инвентаризациялоонун жүрүшүндө мамлекеттик ар бир органдын жана коомчулуктун пикирин эске алуу зарылдыгын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана аларды санарип форматына өткөрүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында Улукбек Марипов мыйзам долбоорлорун даярдоо жаатында аткаруу бийлигинин органдарынын ишмердигин координациялоону камсыздап, көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн өз убагында маалымдоо жумуштарын аткарууну тапшырды.