Өлкөдө коронавируска каршы жалпы 97 миң 538 адам эмделди. Алардын 72 миңден ашыгы вакцинанын экинчи дозасын алгандар. Учурда эмдөө пунктары эртең мененки саат сегизден кечки онго чейин иштеп жатат. Ошондой эле жакынкы күндөрү "Синофарм" жана Казакстандын "QazVac" вакцинасын алып келүү күтүлүүдө. Адистер коронавирустун алдын алуу үчүн санитадык нормаларды сактап, эмдөөдөн өтүүгө чакырууда.